www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан эшек чуусу боюнча чыгып кеткен, саясатчы Юруслан Тойчубеков, өзүнүн Фейсбук баракчасына, “Менин көз алдымдан жашоом чууруп өттү. Эл үчүн өлкө үчүн  оор кооптуу учурда ким менен сүйлөшсөм ошолордун ар бири тууралуу ойлондум. Эмне болуп иштейт ким менен достошту. Ким кантип сүйүндү. Жакындарын жоготкон ар бир үй бүлөгө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ооруп жаткандарга чын көңүлдөн  айыгып кетишин каалайм. Биз дагы чоң топ болуп отура турган күн келет”,- деп жазып чыкты.

Ага кошумча, “Коронавирус тууралуу өтө татаал кырдаал бизге жакындап кирип келди. Баарыбыз бир муштумга түйүлүп оңго, солго түндүк-түштүк деп бөлүнбөй медиктерге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Соодалашпай туруп аларды сапаттуу коргонуучу кийимдер менен камсыздашыбыз зарыл. Балким бийликтегилер ресурстарды пайдаланып, кошумча күчтөрдү мобилизациялайттыр.  Медициналык окуу жайдын студенттерин менчик клиникаларды обсервацияларды керектүү жабдыктар менен кыска убакыттын ичинде камсыздоо убакыттын талабы”, - деп билдирүү жазган Юруслан Тойчубеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости