www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш юстиция министри Уран Ахметов менен мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиевди кызматтан алууну өкмөт башчы Сапар Исаковго сунуштады.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында “Миграция жаатындагы компетенттүү органдарды түзүү боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишимин ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбооруна карата президенттин каршы пикири талкууланган. Анда президент мыйзам долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүнө байланыштуу каршылык билдирген.

Эл өкүлдөрү бул маселеге юстиция министри менен миграция кызматынын төрагасы жооптуу деп эсептешти. Ошондой эле Уран Ахметов сот органдарынын ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитетинин да сынына кабылды. Бул тууралуу маалыматты "Фабула" гезитинен алып NazarNews.kg маалымат агенттиги шилтеме жасады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости