www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылындагы Чоң Чүй каналынан сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 19-июлунда 2004-жылы туулган А.Ю. аттуу жаран достору менен Чоң Чүй каналына сууга түшүүгө барып, сууга чөгүп кеткен.

Окуядан кийин дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштерине Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Эки күнгө созулган издөө иштеринин жыйынтыгында жарандын сөөгү Ивановка айылынын аймагындагы Чоң Чүй каналынан табылган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости