www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш компаниясына 82 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде экологиялык мыйзамдардын талаптары бузулгандыгы аныкталып, курулуш компаниясына 82 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы текшерүүнү жарандардын кайрылуусунун негизинде жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш компаниясы экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузганы аныкталган.

Учурда аныкталган мыйзам бузууларды жоюу иштери башталып, аймак тазаланды. Ошондой эле компаниянын жетекчилигине мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө толук жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.

Последние новости