www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура тарабынан Азербайжан Республикасынын компетенттүү органдары менен жүргүзүлгөн ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылууга айыпталып, издөөдө жүргөн Т.Д. аттуу жаран тийиштүү экстрадициялык жол-жоболор аяктагандан кийин КР ИИМнин кызматкерлеринин коштоосу менен Баку шаарынан экстрадицияланып, андан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында тергөө изоляторуна киргизилди.
Белгилей кетсек, Т.Д. эки жабырлануучунун ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, 46 миллион сомдон ашуун акча каражаттарын мыйзамсыз ээлөө менен материалдык зыян келтирип, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткен.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жазык-укуктук чөйрөдө эл аралык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулбоо принцибин камсыз кылууга багытталган чараларды туруктуу негизде жүзөгө ашырып келет.