www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бүгүнкү жыйынында "Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда карап чыгып, жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – министрлер кабинети.
Комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берип жатып, бул долбоор президенттин 2021-жылдын 7-декабрындагы "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Алсак, мыйзамда ичимдик ичкен, баңгизат же башка мас кылуучу заттарды колдонгон абалда унаа башкарган адамдардын жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу жол кырсыктарын алдын алуу чаралары каралган. Ошондой эле "А1" кичи категориясындагы мопеддерди башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүктүн болушун милдеттендирген ченемдер киргизилүүдө.
Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев олуттуу мыйзам бузуу жасаган айдоочунун мастык абалынын деңгээлин кылдат аныктоо зарылдыгын белгиледи. Ал кандагы алкоголдун чектүү деңгээлин так белгилөөнү жана жогорку сапаттагы алкотестерлерди колдонууну сунуштады. Мындан тышкары, Бекешев скутер жана самокат айдагандарды жөө жүргүнчүлөрдөн бөлүп кароо зарылдыгын белгилеп, өлкөгө мыйзамсыз алып келинген мопеддерди мыйзамдаштыруу жана каттоо маселесин көтөрдү.
Ал эми депутат Болотбек Борбиев кандагы алкоголдун 0,3 промилле, алкотестерде 0,16 промилле деген чектүү көрсөткүчтөрүн мыйзамга киргизүү кошумча изилдөөлөрдү талап кыларын айтып, бул көрсөткүчтөрдү атайын токтомдун негизинде белгилөөнү сунуштады.
Муну менен катар, комитет "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө", "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды