www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Изделип жаткан 3 жашар баланын атасы кайрылуу жасады

Ысык-Атанын Дружба айылынан аккан Чоң Чүй каналынан 3 жашар бөбөк изделип жатат. 

Социалдык тармактарда атасымын деген кишинин кайрылуусу тарады. Ал уулу 19-августтан бери дайынсыз болуп жатканын айтып, издөө иштерине жардамдашып жаткан жарандарга ыраазычылык билдирди. Ал бүгүн, 24-августта да издөө иштери жүрөрүн, ыктыярчылар керек болуп жатканын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция маалымат берген.

«19-августта саат 18:46 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата районунун Дружба айылында 2021-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кетип, кайрылып барбаганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Ысык-Ата РИИБдин электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо жөнөп кеткен. Иш-чаранын жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен ага таандык бут кийим табылып, азыркы учурда ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте 3 жаштагы баланы издөө иштери жүрүүдө»,- деп билдиришкен.

Последние новости