www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, Ысык-Көл облусунда көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында жол кыймылынын жаш инспекторлорунун отряддарынын үч күндүк мамлекеттер аралык кароо-сынагы аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кароо-сынак 21-августта башталган.

Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Болот Ибрагимов, Тажикстан Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик авто инспекциясы башкармалыгынын башчысы милициянын генерал-майору Рустам Тагоймурод, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев жана ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков катышышты.

Мамлекеттер аралык кароо-сынактын жабылышында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жаш тескөөчүлөрү жөн гана катышуучулар эмес, өздөрүнүн билими жана жол эрежелерин сактоого жоопкерчиликтүү мамилеси менен дүйнөнү өзгөртө ала турган келечектеги лидерлер экенин белгиледи. Алардын тырышчаактыгы биздин өлкөлөр үчүн гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн да маанилүү экенидигин айтып кетти.

«Балдар-биздин келечегибиз. Сиздердин иш-аракеттериңиз жана билимиңиз сиздин коопсуздугуңузга гана эмес, ошондой эле катышкан ар бир адамдын коопсуздугуна таасирин тийгизерин унутпаңыздар. Мыктылыкка умтула бериңиздер, өз жөндөмүңүздү өрчүтүп, айланаңыздагы адамдар менен бөлүшүңүздөр. Сиздердин жоопкерчилигиңиздер жана ишке берилгендигиңиздер - бул биздин жолдорубуздагы коопсуз келечектин өбөлгөсү",-деди Октябрь Урмамбетов.

Эскерте кетсек, "Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2024" сынагы 8 номинация боюнча өткөрүлгөн. КМШ өлкөлөрүнөн – Белорусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын командалары катышып, 29 мектеп окуучусунан турган, 6 командасы тартылган.

Узакка созулган сынакта ар бир команда өзүнүн билимин, кайталангыс өзгөчөлүгүн, оригиналдуулугун жана талантын көрсөттү.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү делип:

1-орун-Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын командасы;

2-орун-Өзбекстан Республикасы жана Беларусь Республикасынын командасы;

3-орун-Тажикстан Республикасы жана Кыргыз Республикасынын командасы ээледи.

Командалар дипломдор, медалдар, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Последние новости