www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирусту ойлоп тапкан окумуштуунун камакка алынгандыгы тууралуу видео социалдык медиада жайылтылып жатат. Видеодо: "Коронавирусту таап алган илимпоз экендиги эсиңизде болсун. Докладда ал камакка алынган" деп айтылат. Биздин Өзбекстандагы кесиптештер бул жаңылыктын канчалык деңгээлде чындык экендигин изилдеп чыгышты.

Маалым болгондой, талкууг түкшөн тасма социалдык тармакта 28-январда чыккан. Сүрөттө, Массачусетс сотунун адвокаты Эндрю Леллинг үч адамга карата өзүнчө айыптоону жарыялады. Алардын экөө кытай, бири Чарльз Либер, Гарвард университетинин химия жана химиялык биология бөлүмүнүн башчысы. Так ушул Либер "коронавирус ачкычы" болуп эсептелет.

Чындыгында эмне болгон?

Гарвард университетинин химия жана химиялык биология кафедрасынын башчысы Чарльз Либер камакка алынгандыгы чын. Бирок, анын айыптоосу кандайдыр бир вирустун жаралышына байланыштуу эмес. Гарвард профессору Кытай өкмөтүнүн “Миң таланттар планы” программасына катышкандыгы белгилүү болду. Программага ылайык, окумуштуу Вухан технология университети (UTU) менен биргеликте иштеши керек болчу. Таң калыштуусу, ушак-айыңдарды так ушул нерсе жараткан.

Бирок, Либер биолог эмес, ал технологиялык эмес илимпоз. Либер нонометр (метрдин миллиардын бири) өлчөмдөгү материалдар менен иштейт. УТУдагы ишмердүүлүк клеткага кирген жана анын ичинде ар кандай химиялык окуяларды өткөрүп жаткан нанороботтор менен байланыштуу. Жалпысынан, Либер вирусология менен тааныш эмес.

Ошондой эле, УТУ вирусология жана биология боюнча окуу жайы эмес. Университет негизинен материалдык илим, транспорт жана логистика сыяктуу сабактарга багытталган инженердик билим берүү борбору. Либер Кытай өкмөтүнөн ири суммадагы акча алган. Тактап айтканда, Кытайда лаборатория ачуу үчүн ал 1,5 миллион доллар жана айына 50 000 доллар айлык акы алып жатканын АКШ өкмөтүнө айткан эмес.

Соттолуучу Либер, изилдөө тобунун улук илимий кызматкери болгон. Бул топ Улуттук Саламаттыкты сактоо Институтунун жана Коргоо министрлигинин гранттарынын эсебинен каржыланат. Ошондуктан, Либер чет мамлекеттерден түшкөн каражаттарды өкмөткө билдириши керек болчу.

Белгилей кетсек, Либер боюнча иш-аракеттер коронавирустун жайылуусуна чейин эле ачылган. Ага 2018-жылы Коргоо департаментинде жана 2019-жылы январда Улуттук Саламаттыкты сактоо Институтунда жалган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн айып тагылган.

АКШнын Юстиция министрлиги дагы Либердин айыпталуусу жаңы коронавируска байланыштуу эмес деп билдирген. Жыйынтыктап айтканда, Либердин айыпталуусу жана камакка алынышына коронавирустун тийешеси жок, калганын убакыт көрсөтөт.

Нуруллох Шарипов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости