www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль 90 палестиналык туткунду бошотту

19-январда палестиналык "ХАМАС" тобу 1,5 жыл мурун кармалган израилдик 3 туткунду Кызыл чырым уюмунун эл аралык комитетине (ККЭК) өткөрдү деп Al Arabiya агенттиги билдирди.

Ага ылайык, Роми Гонен (24 жашта), Эмили Дамари (28 жашта) жана Дорон Штейнбрехер (31 жашта) аттуу туткундагы үч израилдик аял бошотулду.

Өз кезегинде Израиль келишимге ылайык, 90 палестиналык туткундун биринчи тобун бошотуп берди деп, "Times of Israel" агенттиги Израиль түрмө кызматына шилтеме жасап кабарлады.

Гезиттин маалыматы боюнча, бошотулган палестиналык туткундардын арасында жашы жете элек 1 кыз бар 70 аял, 8и жаш баладан турган 12 эркек адам бар. Алардын баары Израилдин коопсуздугуна каршы кылмыш жасаган деп айыпталган.

"Times of Israel" гезитинин жазуусу боюнча, туткундар алгач «Офер» түрмөсүнө жеткирилип, анда укук коргоо органдары алардын жеке маалыматтарын текшерип, дарыгерлер медициналык кароодон өткөрүшкөн. Туткундардын арасында Батыш жээктин 78 тургуну болгон. Алар «Офер» түрмөсүнүн жанындагы Бейтуния контролдук-өткөрүү пунктунда бошотулган.

Дагы 12 туткун Чыгыш Иерусалимдин тургундары шаарга кайтарылып, башка тергөө изоляторунан үйлөрүнө жиберилген.

Согушту токтотуу боюнча келишимдин биринчи баскычында Израиль жалпысынан 2 миңге жакын палестиналык туткунду бошотууну пландап жатат. Израиль жана «ХАМАС» АКШ жана Катардын ортомчулугу менен 17-январда келишимге кол койгон. Келишимдин алкагында «ХАМАС» 33 адамды туткундан бошотуп берет. Газа секторунда согушту токтотуу келишими 19-январда күчүнө кирген.

Последние новости