www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-январда, тактап айтканда, бийликке келген күнү эле, АКШнын жаңы шайланган президенти Конгресстен өтпөй эле аткаруу бийлигинин иштерин жөнгө салуучу бир топ буйруктарга кол коёт деп күтүлүүдө. Бул буйруктардын айрымдары олуттуу жана узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп белгилейт Пенсильвания университетинин мамлекеттик башкаруу боюнча эксперти Дэн Маллинсон. Бул тууралуу DW сайты жазып чыкты.  

Миграция маселеси боюнча, Трамп Мексика менен чек араны жабуу жана башпаанек издеген адамдарды алардын арызы каралып бүткүчө Мексикада күттүрүү тууралуу мурдагы убадасын аткарууга аракет кылышы мүмкүн. Ошондой эле ал АКШнын тарыхындагы эң ири мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо операциясын жүргүзүүнү пландап жатат. Бирок муну ишке ашыруу үчүн көп убакыт жана федералдык, жергиликтүү органдардын колдоосу талап кылынат. Мындан сырткары, Трамп легалдуу миграцияны да жайлатып, иштөөгө уруксат кагаздарын, грин-карталарды жана визаларды алууну кыйындатышы мүмкүн.

Соода жана тарифтер боюнча, Трамп Мексика, Канада жана Кытайдан келген товарларга жогорку бажы төлөмдөрүн киргизүүнү пландап жатат. Бул айрым импорттук товарларга таасир этсе да, бардык товарларга тарифтерди көбөйтүү баш аламандыкка алып келип, соттук талаштарды жаратышы мүмкүн. Эксперттердин айтымында, мындай тарифтер инфляциянын өсүшүнө алып келиши ыктымал, бул болсо Трамптын шайлоочулардын ишенимин жоготуу коркунучун жаратат.

Экология жаатында, Трамп дагы бир жолу АКШны Париж климаттык келишиминен чыгарып, мурунку чечимин кайра кайтарышы мүмкүн. Ал айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бир катар чараларды жокко чыгарып, "жашыл" энергетиканын өнүгүүсүн басаңдата алат.

Капитолий окуясы боюнча, Трамп 2021-жылдын 6-январында Капитолийге кол салууга катышып, соттолгон жүздөгөн адамдарды "өтө тез" мунапыс менен бошотууну убада кылган.

 

Последние новости