www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбулда жасалма алкоголдук ичимдиктерди ичкен Өзбекстандын дагы үч жараны каза болду. Муну менен ууланып каза болгон өзбекстандыктардын саны 17 адамга жетти, деп билдирет Dunyo маалымат агенттиги.
Өзбекстандын Башкы консулдугу каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө керектүү колдоо көрсөтүп, сөөктөрдү Өзбекстанга алып келүү үчүн документтерди тез арада даярдап жаткандыгы маалымдалды.
Кошумчалай кетсек, жасалма алкоголдук ичимдиктен ууланган дагы беш жаран Стамбулдагы ооруканалардын реанимация бөлүмүндө дарыланууну улантууда. Консулдуктун кызматкерлери оорукананын администрациясы менен дайыма байланышта.
Башкы консулдуктун дипломаттары пайда болгон маселелерди тез арада чечүү жана бул оор кырдаалда жарандарга жардам берүү максатында Стамбулдун Саламаттыкты сактоо башкармалыгы, соттук-медициналык экспертиза жана укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта болууда.
Эскерте кетсек, Түркияда жасалма алкоголдук ичимдиктерди жасап, тараткан деп шектелген Түркмөнстандын эки жараны кармалган жана аларга кылмыш иши козголду.