www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израил АКШга эскертип, эгерде Иран баллистикалык ракеталар боюнча белгиленген “кызыл чек”тен өтсө, Тель-Авив Иранга каршы өз алдынча аскердик сокку урууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу The Jerusalem Post жазды.
Израилдин жогорку аскерий кызматкерлери америкалык кесиптештерине: Ирандын ракеталык программасы Израил үчүн коркунуч жаратып жатат, ошондуктан зарыл болсо Израил өз алдынча аракет кылууга укуктуу деп эскертишти. Алар АКШга Ирандын маанилүү объектилерине сокку урууну камтыган пландарды да сунушташты.
Маалыматка караганда, учурда Иран белгиленген чекке жеткен жок, бирок Израил анын аракеттерин тынымсыз көзөмөлдөп турат. Израилдин аскерлери кырдаалды “тарыхый мүмкүнчүлүк” деп баалап, Ирандын ракеталык инфраструктурасына сокку урууну жана аймактагы коркунучтарды азайтууга даяр экенин белгилешти.
Эскерте кетсек, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 11-февралда АКШ президенти Дональд Трамп менен Вашингтондо жолугат. Жолугушуунун негизги темасы – АКШ менен Иран ортосундагы сүйлөшүүлөр талкууланат.