www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан суу инфраструктурасынын объектисин - күнүмдүк жөнгө салуу бассейнин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

Тактап айтканда, 1999-жылдын 30-ноябрында өткөрүп берүү актысынын негизинде аталган суткалык жөнгө салуу бассейни мыйзамсыз түрдө «Пахарь» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин балансына өткөрүлүп берилген. Кийинчерээк, 2021-жылы Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысынын №28 чечиминин негизинде, жогоруда көрсөтүлгөн суткалык жөнгө салуу бассейни «Пахарь» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин менчигине өткөн жана андан соң жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт алынган.

Тергөө иш-чараларынан кийин мыйзамсыз менчиктештирилген суу инфраструктурасынын объектиси мамлекеттин балансына кайтарылып, Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болгон Ысык-Ата суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилди.

Эске сала кетсек, Совет доорунда айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн күнүмдүк жөнгө салуу бассейндери активдүү курулган. Күнүмдүк жөнгө салуу бассейнинин негизги максаты - ашыкча суу топтоо мезгилинде (кыш же жаан-чачындуу мезгилде) сууну топтоп, андан кийин аны кургакчылык мезгилде колдонуу болуп саналат.
 

Последние новости