www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардан алыс болууга чакырат.

Баңгизаттарды сатуу, даярдоо жана таратуу - коомго, айрыкча жаш муундун келечегине олуттуу зыян келтирген оор кылмыштардын катарына кирет. Мындай мыйзамсыз аракеттер жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана коомдук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч жаратат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, баңгизатка байланышкан кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан тартып каралат. Күнөөлүү адамдар 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, ошондой эле мүлкүн конфискациялоо жазасына тартылышы мүмкүн.

Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамды так сактоого, баңгиликке байланышкан кылмыштарга аралашпоого жана өзүнүн, ошондой эле жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

Эгерде баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, сатуу же таратуу фактылары тууралуу маалыматка ээ болсоңуздар, укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз

Последние новости