www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илимий долбоор Кыргызстандагы узак жашаган калктын арасында өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды изилдөөгө багытталган. Бул боюнча маселелер бүгүн, 9-февралда Ош мамлекеттик университетинде Жапониянын Джунтендо университетинин, Эл аралык жогорку медицина мектебинин (ЭЖММ) жана Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын (КГМА) өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жолугушууда талкууланды.
Анда «Кыргызстандын түштүгүндөгү узак жашаган калктын арасында өнөкөт жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлорунун таралышы» аттуу биргелешкен илимий долбоорду ишке ашыруу маселелери каралды. Тараптар эл аралык жана окуу жайлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, долбоордун этаптары жана мындан аркы илимий изилдөөлөрдүн келечеги тууралуу пикир алышты.
Долбоордун максаты – узак жашаган адамдардын арасында жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, гипертония сыяктуу өнөкөт жугуштуу эмес оорулардын пайда болушуна таасир эткен тобокелдик факторлорун аныктоо. Ошондой эле алардын алдын алуу жолдорун иштеп чыгуу.
Изилдөөнүн жүрүшүндө жашоо образы, тамактануу адаттары, физикалык активдүүлүк, экологиялык жана социалдык-психологиялык факторлор комплекстүү түрдө талданат. Мындан сырткары ОшМУнун окутуучусу Саматбек Турдалиев Джунтендо университетинде PhD программасы боюнча акысыз билим алат.