www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте А.Орозбеков айыл аймагында жайгашкан №45 Дарманбай Сыдыков атындагы орто мектебинде «Абайла, бала!» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери окуучуларга жол эрежелерин сактоо, жолдо өзүн туура алып жүрүү жана коопсуздук талаптарын аткаруу боюнча практикалык көрсөтмөлөрдү беришти.

Мындан сырткары, окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алуу, жол-транспорт кырсыктарынан сактануу, ошондой эле ар кандай укук бузуулардан алыс болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Последние новости