www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында базарларды жана соода борборлорундагы салык салуудагы негизги өзгөрүүлөрдү белгиледи.
Реформалардын алкагында патент тутуму кайтарылды, субъекттер ККМди милдеттүү колдонуудан бошотулду, жылдык кирешенин босогосу 50 миллион сомго чейин жогорулатылды, зергерчилик тармак үчүн төмөндөтүлгөн ставкалар киргизилди.
“Бул чечимдердин бардыгы ишкерлер менен түз диалогдун негизинде кабыл алынды”, – деп баса белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
“Дордой”, “Кара-Суу” жана “Мадина” базарларында жүргүзүлгөн пилоттук долбоор адам фактору алынып салынганда, кыянаттык менен пайдалануу тобокелдиги кескин азайып, салыктык тартип жогорулай турганын айкын көрсөттү.