www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-февралда Баткен ОИИБдин жыйындар залында ИИМ тарабынан атайын түзүлгөн жумушчу топтун катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Жоомарт Досов, Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары Равил Ниязбеков, ошондой эле шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарлары жана тергөөчүлөр катышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө тергөө кызматкерлерине ИИМдин санариптик тутумун жана электрондук документ жүгүртүүнү колдонуу тартиби, анын артыкчылыктары тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Мындан сырткары, коррупцияга каршы аракеттенүү жана үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу мыйзамдарга киргизилген айрым өзгөртүүлөр боюнча маалыматтар жеткирилди.
Жыйындын соңунда ИИМдин жумушчу тобу кызматкерлердин кесиптик деңгээлин аныктоо максатында колдонуудагы мыйзамдар жана тергөө ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолор боюнча тест өткөрүштү.