www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-февралдан тарта мамлекеттик авто мектептерге кабыл алуу жаңы тартипте - онлайн гана жүргүзүлөт.
Арызды avtomektep.srs.kg сайтына кирип, жеке маалыматтарды толтуруп, окуй турган аймакты жана күбөлүктүн категориясын тандап жөнөтүү жетиштүү. Арыз каралгандан кийин талапкер автоматтык түрдө тиешелүү авто мектепке катталат.
Теориялык сабактар онлайн өтөт, бир нече окуу агымы түзүлүп, курсанттар аймактар боюнча тең бөлүштүрүлөт. Күн сайын жаңы мамлекеттик авто мектептер кошулуп, кезек күтүүнү азайтуу пландалууда.
Жаңыланган программа жол эрежелерин терең үйрөтүүгө, практиканы көбөйтүүгө жана унааны тейлөөнүн негиздерин өздөштүрүүгө багытталган. Максат - коопсуз айдоо маданиятын калыптандырып, жол кырсыктарын азайтуу.
Мындан тышкары жакшы окуган курсанттар үчүн 4 айдан кийин сынак тапшыруу мүмкүнчүлүгүн киргизүү каралууда. Сынактан өткөндөргө 1 жылдык убактылуу күбөлүк берилет, эгер бул убакытта эреже бузбаса, туруктуу айдоочулук укук ыйгарылат.