www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунда өткөн аламан улактан кийин аймакта таштандылардын чар жайыт ташталгандыгы боюнча фактылар катталган.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экотехкөзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Тактап айтканда, Өзгөн районунун Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүнө калдыктарды тазалоо иш-чараларын уюштуруу боюнча расмий каттар жолдонду.
Мындан тышкары, аламан улакты уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязовго Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115/1-беренесинин негизинде 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Учурда уюштуруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар тарабынан аймакты таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик массалык иш-чараларды өткөрүүдө айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын так сактоого чакырат.