www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-февралда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Кочкорбаев айыл аймагында курулуп жаткан автоклавдык газобетон блокторун чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. 

Нет описания фото.

Иш сапардын алкагында министр курулуш иштеринин жүрүшүн, өндүрүштүк корпустардын даярдык деңгээлин жана орнотулуп жаткан технологиялык жабдууларды көрүп чыгып, долбоордун өз убагында жана сапаттуу ишке ашырылышы үчүн министрлик тарабынан бардык зарыл колдоолор көрсөтүлөрүн белгиледи.

Аталган завод ОсОО “ХУА РУЙ” компаниясы тарабынан инвестициялык келишимдин алкагында курулуп, долбоордун жалпы баасы 10 млн АКШ долларын түзөт. Завод 2026-жылдын апрель айында пайдаланууга берилери пландалууда.

Возможно, это изображение нефтеперерабатывающий завод

Ишкана заманбап кытай технологиялары менен жабдылып, күнүнө 500дөн 1500 куб метрге чейин, жылына 200 миң куб метрге чейин автоклавдык газобетон блокторун чыгарууга жөндөмдүү болот. Бул ички рынокту сапаттуу жана жеткиликтүү курулуш материалдары менен камсыздоого, ошондой эле импортко болгон көз карандылыкты азайтууга шарт түзөт.

Долбоордун ишке ашырылышы региондо жаңы жумуш орундарын түзүп, курулуш тармагынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө болот. Заводдун ишке кириши турак жай жана инфраструктуралык объекттердин курулуш темпин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Возможно, это изображение водонагреватель и текст

Учурда негизги өндүрүш корпустары курулуп бүтүп, жабдууларды монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Кийинки этапта пуско-наладка иштери жүргүзүлүп, адистер окутулуп, заводду пайдаланууга берүү каралууда.

Возможно, это изображение склад лесоматериалов

Возможно, это изображение силосная яма

Возможно, это изображение силосная яма и нефтеперерабатывающий завод

Возможно, это изображение силосная яма и нефтеперерабатывающий завод

Возможно, это изображение водонагреватель и нефтеперерабатывающий завод

Последние новости