www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израиль армиясы басып алган Батыш Шерианын түндүгүндөгү айылга жасаган чабуулунда палестиналык бир өспүрүмдү өлтүргөндүгү жарыяланды. Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Израилдин огунан башынан оор жарадар болгон 17 жаштагы Мухаммед Абу Салах шаарга жакын жердеги аль-Силе аль-Харисия айылына жасалган чабуулда каза болгон.
Мындан сырткары, Израиль армиясы басып алган Батыш Шериадагы аль-Силе аль-Харисия кыштагына аскердик бульдозер менен чабуул жасаган. Аймактагы күбөлөрдүн берген маалыматына караганда Израилдин 20га жакын аскердик унаасы тарабынан жүргүзүлгөн рейдде айыл курчоого алынган. Айылга кирүүгө жана чыгууга тыюу салынып, айрым үйлөрдүн сүрдүрүлүшү талап кылынганы айтылды. Палестиналык жаштар кыйратууга жол бербөө үчүн талкалануусу эскертилген палестиналык туткундардын үйүнүн алдына чогулушкан.
Эске салсак, 2021-жылдын 20-декабрында Израил бийликтери айылдагы 4 үй-бүлөнүн 5 мүчөсүн израилдик мыйзамсыз жөөт отурукташуучуну өлтүргөн деп айыптап, үй-бүлөлөрүнө үйү бузула турганы тууралуу эскертүү жөнөткөн. Үйлөрдү бузууга каршылык көрсөтүп жаткан 3 палестиналык жаш жарадар болгон.
Палестинанын маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, Израиль армиясы палестиналыктардын үйүнүн бузулушуна жол бербөө үчүн каршылык көрсөткөн айыл тургундарынан 3 адамды жарадар кылган. Израил армиясынын чыныгы ок колдонгонун билдирилип, сөз болуп жаткан адамдардын башынан, белинен жана бутунан жараланганы жана абалдарынын оор экени айтышкан.
Булак: NazarNews.kg