www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил армиясы Газа тилкесине сокку урду

Израилдин коргонуу күчтөрү палестиналык исламчыл Хамас кыймылы башкарган Газа тилкесине сокку урду. Бийликтер жакынкы аймактарга өзгөчө кырдаал киргизди. Бул тууралуу куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы Twitter баракчасына жарыялады.

«Изариль амкерлери учурда Газа тилкесине чабуул коюуда. Израилдин тылында өзгөчө кырдаал жарыяланды», — деп айтылат билдирүүдө.

Армиянын басма сөз кызматы өзгөчө кырдаал 5-августта саат 16:45тен 6-август күнү саат 20:00гө чейин Газа тилкесинен 80 чакырымга чейинки радиуста иштей турганын тактады.

Армия өкүлдөрү операция "Таң" деп аталып, ал палестиналык "Ислам жихады" тобунун "террордук буталарына" каршы жүргүзүлүп жатканын тактады.

Исламдык Жихад көз карандысыз Палестина ислам мамлекетин түзүүнү жана жихадда Израилди жок кылууну каалаган жарым аскерлештирилген исламчыл топ. Ал 1970-жылдары “Мусулман агайындар” террордук кыймылынын сунниттер тарабынан негизделген. “Палестиналык исламдык жихад” АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия, Жапония, Канада, Австралия жана Израилде да террордук уюм катары таанылган.

Аль-Жазира телеканалынын маалыматына караганда, кырдаалдын курчушу Ислам жихадынын лидерлеринин биринин палестиналык качкындар Женин лагеринде кармалышын шарттады. Израил августтун башында Газа тилкесине жакын жолдорду жаап, аны менен чек арага куралдуу күчтөрдү жөнөткөн. Kipa порталынын маалыматына караганда, Израилдин максаты - Исламдык Жихаддын аскердик канатынын түндүк бригадасынын командири Тайсир ал-Жабарини жок кылуу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости