www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда соңку бир айдын ичинде катуу жаан-чачын алып келген селден 549 адам өлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Табият кырсыктары менен күрөшүү боюнча улуттук башкармалыгы кабарлады.

Каза болгондордун көбү түштүк-батыштагы Белужистан провинциясындагы жакыр жашаган үй-бүлөлөлөрдөн болду. Апта башында бул аймакка куткаруу миссиясы менен бараткан тик учак да кулап, андан сегиз адам өлгөн. Провинциянын жетекчилиги өкмөттөн сырткары, эл аралык уюмдардан да жардам сурады.

Аталган мекеменин билдиришинче, өткөн айда бул өлкөдө алдыңы 30 жылдан берки эң көп жаан-чачын катталды. Мындан жалпы 46 миңден ашуун турак-жай жабыр тартты. Бийлик үй-жайсыз калгандар үчүн лагер уюштуруп, тамак-аш жана дары-дармектер менен камсыздап жатат.

“Биз селден жабыркагандардын баарына жардам берүү үчүн колубуздан келгенин кылып жатабыз”, — деди премьер-министр Шехбаз Шариф жабыр тарткан райондорго барган учурда.

Бул арада Пакистандын метеорологиялык департаменти катуу жаан-чачындын дагы жаңы толкуну башталарын эскертти. Андан улам суу ташкыны жана сел болуп, турак-жайларга жана башка объектилерге зыян келтириши ыктымал экени айтылды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости