www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-августта Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Сочиде жолукту. Кездешүүнүн башындагы сөзүндө Путин Эрдоганга соода-экономикалык байланыштарды жандантуу боюнча макулдашууга кол коюуга үмүттөнөрүн айтты.

Азыр тирешип жаткан Орусия менен Украинанын эки тарабы менен тең жакшы мамилени кармагысы келген түрк лидери Орусия-Түркиянын кызматташууларында жаңы баракча ачылып жатканын кеп кылды.

Сочидеги жолугушууда Украинадагы согушту токтотуу, Түркиянын Сирияга операция жасоо ыктымалдыгы жана башка темалар сөз болушу мүмкүн экенин түрк медиалары жазды.

Аталган эки лидердин бир айдын ичиндеги экинчи кездешүүсү. 20-июлда алар Тегеранда бир нече темада сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Орусия менен Сириянын авторитардык президенти Башар Асад баштаган борбордук бийликти колдосо, Түркия өлкө түндүгүндөгү куралдуу оппозицияны сүрөп келет. Анкара мындан сырткары Сириядагы күрд күчтөрүн террордук топ деп эсептейт. 2019-жылы түрк аскерлеринин Сириядагы аракеттери АКШ менен Орусиянын ортомчулугу токтотулган, Анкара анда кайрадан операция жасоо ниетин билдирип келет.

Түркия НАТОнун мүчөсү экенине карабай Орусияга каршы санкцияларды колдогон эмес, ошол эле маалда Украинага курал жеткирип жатат. Анкара Москва менен Киевдин ортосунда арачы катары түшүп, украин дан азыктарын деңиз аркылуу чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берди. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости