www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин Коргоо күчтөрү "Аль-Шифа" ооруканасында палестиналык ХАМАС радикал тобуна каршы "таамай" операция баштаганын жарыялады. Бул топту АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрү террорчу катары тааныган.

Израилдин армиясы -- ЦАХАЛ "X" социалдык тармагындагы билдирүүсүндө тирүү калкан катары колдонулуп жаткан жарандарга зыян келтирбөө үчүн медициналык топтордун жана араб тилин билген адамдардын катышуусунда операция жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Al Jazeera телеканалынын жеринен кабарлагандай, "Аль-Шифа" ооруканасынын алдында израил танктары турат жана Израилдин Коргоо күчтөрүнүн жоокерлери оорукананын имараттарынын бирине киришти. Бул тууралуу ооруканада жаткан жергиликтүү тургун "Би-Би-Сиге" да кабарлаган. Ал оорукананын аймагынан алты танкты жана корпуска кирген жүздөн ашуун спецназды көргөн. "Би-Би-Сиге" окуянын күбөсү билдиргендей, алар арабча: "Кыймылдаба!" деп кыйкырышкан.

Ооруканада кагылышуу же атышуулар тууралуу азырынча маалымат жок.

Al Jazeera Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен израил аскерлери "Аль-Шифанын" жер төлөлөрүн тинтип жатканын билдирди.

Израил бийлиги оорукананын аймагында экстремисттердин жер астындагы штабы жайгашканын ырасташууда. ХАМАС муну четке кагып, "Аль-Шифада" баш калкалаган 650дөй бейтап жана кеминде 5 000 жай тургун израилдик снайперлердин жана дрондордун тынымсыз аткылоосунда камалып калганын билдирүүдө.

Израил армиясы бир күн мурун Газа тилкесинин бийлигине ультиматум коюп, ХАМАСтын куралдуу күчтөрүнөн оорукананын имаратынан 12 сааттын ичинде чыгып кетүүнү талап кылган. Бирок ал ультиматум аткарылган жок.

ЦАХАЛ шейшемби күнү аскерлери ХАМАС көзөмөлдөгөн Газадагы парламенттин, өкмөттүн жана полициянын кеңсесин басып алганын жарыялады.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4 500дөйү балдар. Тилкеде гуманитардык абал курч.

14-ноябрда БУУ соңку күндөрдө 200 миңдей палестиналык Газанын түндүк бөлүгүн таштап кеткенин, түштүктө гуманитардык абал кескин начарлаганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости