www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ардактуу авиатору Имаров Амирбек Имаровичтин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу, анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Авиацияда 45 жылдык тажрыйбасы бар, Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы, Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар» фондунун мүчөсү, Кыргызстандын ардактуу авиатору Амирбек Имарович бүт өмүрүн авиация тармагына арнады.

Бул инсан эмгек жолунда өз кесибинин мыктысы, өтө жоопкерчиликтүү жетекчи катары башкаларга зор үлгү болду.

Баткен аэропортунун түзүлүү, түптөлүү тарыхы Амирбек Имаровичтин өмүрү, эмгек жолу менен тыгыз байланышта болду.

Ал өлкөнүн эң алыскы Баткен аймагын борбор менен байланыштырууда өзгөчө мааниге ээ болгон аэропорттун иштеп турушу үчүн чын дилден күйүп бышып иштеген жетекчи болгону талашсыз.

Анткени жергиликтүү кадр узак жолдун азабын, аймактын катаал шартын, элинин жашоо шартын жакшы билгендиктен, карапайым калктын муктаждыгын жеңилдетүүгө ар дайым ынтызар болгон.

Амирбек Имаровичтин Кыргызстан үчүн, Баткен үчүн жасаган эмгеги унутулбайт.

Дагы бир ирет агабыздын үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор А.Алимбаев

Биринчи орун басары М.Тулаев

Орун басары Ж.Исаков

Орун басары Т.Мадяров

Аппараттын жетекчиси А.Ураимов

Аппараттын кызматкерлери

Последние новости