www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ менен Иран тараптын басымына карабай аскерлери Ливанда кала берерин билдирди. Бул тууралуу ал Израилде жаңы жолдун ачылыш аземине катышып жатып айтканын The Times of Israel жазды.

Нетаньяху израилдик аскерлер Ливандын түштүгүнөн чыгарылбай турганын айтып, "ал жакта коопсуздукту Израилге канчалык керек болсо, ошончолук мөөнөттө камсыздап турарын" кошумчалады.

АКШ менен Иран келишимге 17-июнда кол койгон. Ага Израил катышкан эмес. Документте Ливандагы согуштук аракеттер да токтотулары айтылган.

18-июнда Reuters израилдик жогорку кызматтагы аткаминерге шилтеме кылып Израил Ливандын түштүгүндөгү позициясын сактап калуу үчүн Ак үй менен "катаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын" жазды.

15-июнда Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвир Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы келишим аларга эч кандай милдет жүктөбөсүн билдирген.

Последние новости