www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Маратбек Байгончоков Франция Республикасынын ички иштер министринин иммиграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефанини менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, кызматташтыкты чыңдоо жана эки өлкөнүн ортосунда өкмөттөр аралык макулдашуу түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз жана француз тараптары кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин билдиришти.
