www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кулжа районунда катталган окуя боюнча денеге залал келтирүү фактысы менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-июнь күнү Кара-Кулжа РИИБге Кара-Кулжа районунун тургуну, 2002-жылы туулган З.К.Ы. арыз менен кайрылган. Анда 8-июнга караган түнү саат 02:30 чамасында жолдошу, 1994-жылы туулган С.у.А. тарабынан сабалганын билдирген.

Бул факты маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө үй-бүлөлүк келишпестиктен улам С.у.А. жубайы З.К.Ы.га дене жараатын келтиргендиги аныкталган. Жабырлануучунун алган жаракаттарынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коргоо ордери берилген.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучунун алган жаракаты «ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил дене жаракаты» деп бааланган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк жабырлануучу соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна макул эместигин билдирип, соттук-комиссиялык экспертиза дайындоону өтүнгөн. Учурда анын өтүнүчү каралып жатат. Комиссиялык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.

 

Последние новости