www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин бийлиги Газа тилкесиндеги аскердик операциясы учурунда кармалган 71 палестиналыкты бошотту. Бул тууралуу WAFA палестин агенттиги Газанын бийлигине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, камактан бошотулуп, "Керем-Шалом" чек ара бекети аркылуу өткөрүлүп берилген палестиналыктардын арасында 19 аял бар. Азырынча алардын бошотулушу эмнеге байланыштуу экени кабарланган жок.

Израил менен ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) өткөн жылы 7-октябрда жихадчылар Израилдин түштүгүнө кол салганда барымтага алынган израил жарандарын бошотуу жана ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Буга чейин Reuters агенттиги ок атышууну токтотуу боюнча ХАМАСтын өкүлдөрү сунуштаган планды жарыялаган. Анда Газа тилкесиндеги ок атышууну кеминде төрт жарым айга токтотуу, барымтадагы туткундарды израил түрмөлөрүндөгү палестиналыктарга алмаштыруу, Газа тилкесинен Израил армиясын чыгаруу жана согушту толук токтотуу сунуштары жазылган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСтын бул планын четке какты. Ал Газадагы согуштук аракеттер ХАМАС уюму толугу менен жок кылынганга чейин улана турганын дагы бир жолу кайталады.

Ушул күндөрү Жакынкы Чыгышта жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эки тараптын ортосунда элдешүү келишими жакында түзүлөт деген үмүтүн билдирди.

8-февралда ХАМАСтын өкүлдөрү Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына катышуу үчүн Каир шаарына барды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости