www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов шылуундар мамлекет башчы Садыр Жапаровдун видеосун колдонуп, үнүн жасап элди алдаган видео таратып жатканын эскертти.

"Өлкө башчы Садыр Жапаровдун видеосун колдонуп, үнүн жасалмалап, кандайдыр бир коммерциялык долбоорлорго катышууга чакырык жасаган видеороликтер тарап жатканын кабарлайбыз. "Аз акча салып, кыска убакытта байып кетсең болот" деген өңдүү күмөндүү иш-аракеттер жалган маалымат экенин белгилейбиз", — деп жазган Алагөзов.

Ал соцтармакта ар кандай билдирүүлөр көп экенин айтып, шылуундардын курмандыгы болуп калбаш үчүн маалыматтарды расмий булактардан тактоону өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости