www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил Газа тилкесинде ок атышууну алты аптага токтотуу сунушун "негизинен" кабыл алды. Бул тууралуу CNN телеканалы менен Financial Times басылмасы Ак үйдүн өкүлүнө шилтеме кылып кабарлашты.

Планга ылайык, ок атууну токтотуу – барымтадагы адамдарды (негизинен аялдарды, улгайган жана жаракат алган адамдарды) бошотууга жана Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Financial Times белгилегендей, ХАМАС радикал тобу (АКШ менен Европада террордук уюм деп таанылган) азырынча жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдарды бошотууга макул боло элек.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, ХАМАСтын, АКШнын жана Катардын өкүлдөрү бул боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Египеттин борбору Каир шаарына барышты. Жакынкы убактарда аларга Израилдин делегациясы да кошулат деп күтүлүүдө.

CNN телеканалынын маалыматына караганда, алты аптанын ичинде барымтадагыларды алмашуу жана Газа тилкесине жардам жеткирүүнүн экинчи этабы иштелип чыгат.

ХАМАС эгер Израил алардын талаптарын аткарууга макул болсо, ок атышпоо келишимине эки сутканын ичинде жетишүүгө мүмкүн экенин билдирүүдө. Радикал топ Газа тилкесинин түндүгүндөгү көчүүгө аргасыз болгон тургундарды кайтаруу жана гуманитардык жардамды көбөйтүү шартын коюуда.

ХАМАС өткөн жылы 7-октябрда Газа тараптан Израилдин аймагына ракета атып, жөө согушкерлери тилкеге чектеш айыл-кыштактарга кол салган жана 200дөн көп адамды барымтага алып кеткен. 1 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган бул чабуулдан кийин Израилдин армиясы Газадагы операцияларын баштаган.

ХАМАС башкарып келген Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, андан бери тилкеде 30 миңден ашуун адам мерт болуп, 7 миңдейи дайынсыз жоголду. Дагы 71 миңдей киши жаракат алды.

Былтыр ноябрь айынын соңундагы ок атышпоо режиминин алкагында хамасчылардын барымтасындагы адамдардын бир бөлүгү бошотулган.

Последние новости