www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бекзат Өмүрбеков 1-майга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, соттун 3-марттагы токтому менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Айыпталуучу О. уулу Б. аттуу жаранга карата тергөө убагында, башкача айтканда, 1-майга чейин Бишкектин № 1 тергөө абагына камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
Буга чейин ИИМ алдамчылыкка шектелип кармалган О.Б. менен Ш. Т. аттуу жарандар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң долларын ээлеп алышкан билдирген.
Булак: NazarNews.kg