www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирүү тууралуу 11 өлкө менен сүйлөшүүлөрдү аяктап, алардын тогузу менен ички базарларына кирүү шарттары боюнча протоколдорго кол койду. Бул тууралуу "Газета.uz" басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-29-февраль күндөрү Абу-Даби шаарында өткөн ДСУнун 13-конференциясында Өзбекстандын уюмга кирүү боюнча сүйлөшүү тобу Жапония, Израил жана Доминикан Республикасы менен бул өлкөлөрдүн ички базарларына кирүү шарттары тууралуу протоколдорго кол коюшту.

Бүгүнкү күндө расмий Ташкент дагы эки өлкө менен (Шри-Ланка жана Таиланд) ушундай эле протоколдор боюнча макулдашуу процедураларын баштады.

Өзбекстан былтыр апрелде ДСУга кирүү боюнча эң алгачкылардан болуп Грузия менен макулдашууга жетишкенин билдирген. Ноябрда Түркия, Монголия жана Сауд Арабиясы менен тиешелүү протоколдорго кол коюлганы кабарланган.

Өткөн жылы апрелде президент Шавкат Мирзиёев экспортту эки эсеге көбөйтүү стратегиясынын алкагында Өзбекстан сөзсүз түрдө Дүйнөлүк соода уюмуна кириши керектигин билдирген.

Ташкент ДСУга кирүү демилгесин 1994-жылы баштап, бирок 2005-жылы токтотуп койгон. 2020-жылы өлкө уюмга кирүү ишин кайра жандандырып, жумушчу топтун алгачкы жолугушуусу өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости