www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль Газага сокку урду

Израилдин аба күчтөрү 16-июнда таң эрте Газа тилкесине сокку урушту. Анын алдында палестин аймагындагы согушкерлер Израилдин түштүк тарабына күйүүчү зат толтурулган шарларды учурушканын, натыйжада 20 чакты жерде өрт тутанганын жөөт армиясы билдирди. Бул - май айында аймактагы эскалация токтогондон кийинки биринчи сокку болду.

АФП агенттиги палестиналык булактарга шилтеме кылып жөөт аба күчтөрү эки миллиондой киши жашаган Хан Юнус шаарынын жанындагы кеминде бир жайга сокку урушканын кабарлады.

Израиль Коргоо министрлиги “ХАМАС террордук уюмунун аскердик объектилери” бутага алынганын маалымдады. Мекеме “террорчулардын Хан Юнустагы штабына" сокку урулганын кошумчалап, бирок жабыркагандар тууралуу билдирген жок.

Анын алдында, шейшембиде ашынган улутчулдар оккупацияланган Чыгыш Иерусалимде жүрүшкө чыгышкан, айрымдары “арабдарга өлүм” деп ураан чакырып жатышты. Палестиналыктар муну провокация катары сыпаттап, "Фатах" жан ХАМАС уюмдары Газада жана Израил басып алган Иордан дарыясынын батыш жээгинде “каардануу күнүн” өткөрүүгө үндөштү.

Май айында аймакта кырдаал курчуп, 11 күнгө созулган куралдуу жаңжалда, Газанын бийлиги маалымдагандай, 260 киши, арасында согушкерлер өлгөн. Израил тарапта 13 киши, ичинде бир жоокер Газадан атылган ракеталардан окко учканын жөөт армиясы билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости