www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Убукеев Ормон хандын 4 муундагы урпагы болгон. Бул тууралуу Темир Бирназаров өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Мелис Убукеев "Манас" эпосуна да кызыгып, толук кандуу көркөм тасмага бел байлаган. Бир нече жылдар бою Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы менен кызматташып, улуу эпос боюнча материал чогулткан. Бирок көркөм тасманы тартууга жетишпей калган. Манасчылардын чыгармачылыгы боюнча 1962-ж. үч бөлүктөн турган "Саякбай Каралаев" аттуу, 1988-ж. "Улуу манасчы" аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу тасмасын тарткан.

Мелис Убукеев Таттыбүбүнүн талантын алгач байкап, атайын айылына барып, аны актердук билим алып, чыгармачылык жолуна түшүүгө ынандырган. Кийин Т.Турсунбаева анын "Ак-Мөөр" тасмасында Ак-Мөөрдүн ролун ойногон.

1961-ж. Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факултетин бүтүргөн.

1965-ж. ВГИКти (Бүткүл Союздук Кино Институту) Сергей Герасимовдун өнөрканасын аяктап,

1972-ж. "Казахтелефильм" киностудиясынын режиссеру,

1974-ж. "Кыргызтелефильм" киностудиясынын режиссеру болгон.

1964-ж. "Тайгак кечүү" (Кыргызфильм. "Белые горы" башкача аты "Трудная переправа") М.Убукеевдин дипломдук иши болгон. Аталган тасма М. Элебаевдин "Узак жол" чыгармасынын негизинде тартылган жана кыргыздардын 1916-жылкы кайгылуу тагдырын чагылдырган. Тасма 1965-ж. Алматыда өткөн бүткүл союздук Орто-Азия жана Казахстан өлкөлөрүнүн кинофестивалында 1 даражадагы Диплом менен сыйланган. Бул тасмада аялдын образын жараткан Бакен Кыдыкеева, эң мыкты аялдын оюну үчүн баш байгесин утуп алган.

Ал эми Ак Мөөрдү ойногон Таттыбүбү Ленинградда өткөн бүткүл союздук кинофестивалдын байгеси менен сыйланган", - деп жазган ал.

Мелис Убукеевдин тарткан тасмалары:

• 1977-1978- жж. "Көрөгөч" сатирикалык тележурналынын 7-сериясын чыгарган.

• 1981-ж. "Элеттик роман" (Провинциальный роман)

• "Акын" (Алыкул Осмонов жөнүндө)

• "Жили-были" (Ак жолтой)

• 1988-ж. "Улуу манасчы"

• "Түбөлүккө кайрылуу"

• 1989-ж. "Акыркы манасчы" ("Последний манасчи", 1989)

• 1995 "Вселенная Манаса"

Кызыктуу фактылар:

Мелис Убукеев Ормон хандын 4 муундагы урпагы.

• Бабасы Сейилкан убагындагы эң алдыңкы комузчулардын бири болгон.

• Өз атасы Ибрагимов Сейдекерим 1937-жылы Тажикстандагы партиянын шаар комитетинин биринчи секретары болуп иштеп туруп, манап тукумунан болгондугуна байланыштуу репрессияга кабылган.

• Энеси Галия Ибрагимова 1940- ж. жазуучу Айткулу Убукеевге турмушка чыгып, Мелис Айткулу Убукеевдин фамилиясын алган.

• 1950-жж. Сейдекерим Ибрагимов расмий акталгандан кийин, Мелис Убукеев атасынын туулган жери Кочкорго келип, туугандары менен таанышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости