www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин Коргоо министрлиги жогорку сапаттагы чалгындоочу жандоочун ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу чет элдик басымалар жазып чыгышты.

«Офек-16» үлгүсүндөгү жандоочту космоско 6-июлда таң эрте «Шавит» ракетасы жеткирди. Бул жандооч Жакын Чыгышты, анын ичинде Иранды байкап турууга мүмкүндүк берет. Ал Израил буга чейин учурган дагы башка космостук аппараттар менен алгоолошуп иштемекчи. «Офек-16» тарткан сүрөттөр бир аптадан кийин алына баштай тургандыгы айтылды.

Өлкөнүн коргоо министри Бенни Ганц жандоочтун учурулушун коргоо тармагындагы ири жетишкендик катары сыпаттады.

Израил ириде Иран өңдүү касташкан өлкөлөргө байкоо жүргүзүп турууга аракет кылып келет. Тел-Авив Тегерандын өзөктүк программасын өз улуттук коопсуздугу үчүн башкы коркунучу деп эсептейт. Иран болсо дооматтарды четке кагат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости