www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израиль Иранга алдын ала сокку урганын израилдик 12-телеканалы Израилдин коргоо министри Исраэль Кацка шилтеме берип билдирди.
Fars агенттиги маалымдагандай, Тегеранда үч жардыруу болгон. Бир нече ракета Университет көчөсүнө жана Жумхури районуна түшкөн.
Кацтын айтымында, жакын арада Израилге каршы ракета жана дрон менен чабуул жасалышы мүмкүн.
Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) өлкө боюнча сиреналар жаңырганын жана жарандардын уюлдук телефондоруна коопсуз жайларга жакын болуу тууралуу алдын ала эскертүү жөнөтүлгөнүн билдирди.
12-канал коопсуздук өкүлүнө таянып, бул чабуул АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулу болгонун билдирди.
Израиль Иранга сокку ургандан кийин өзүнүн аба мейкиндигин жарандык каттамдар үчүн жапканын Times of Israel гезити Транспорт министрлигине шилтеме жасап билдирди.