www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришт.
Мердин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда өткөн рейд учурунда №70 жана №111 бала бакчаларында олуттуу мыйзам бузуулар ачыкталган:
№70 бала бакча: Ата-энелерден тамак-аш үчүн төлөмдөр мекеменин расмий эсебине эмес, кызматкердин жеке мобилдик капчыгына чогултулуп келген. Натыйжада, аталган кызматкер жумуштан бошотулуп, бала бакчанын директоруна тартиптик жаза берилди.
№111 бала бакча: Тамак-аш азыктарын уурдоо фактысы катталды. Текшерүүдө жашырылган азык-түлүк кутулары табылып, тамактануу нормалары бузулганы аныкталды. Топтолгон материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Мэрия ата-энелерди төлөмдөрдү расмий реквизиттер аркылуу гана жүргүзүүгө чакырат. Бала бакчалардагы ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында мындай текшерүүлөр туруктуу негизде улантылат.