www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын райондорунда саат 22:00дөн кийин көчөдө жана коомдук жайларда чоңдордун коштоосуз жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
2026-жылдын 27-февралында кезектеги рейд өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, райондордун социалдык маселелер боюнча орун басарлары, социалдык коргоо жана билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору, МАБ жана райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.
Рейддин жүрүшүндө саат 22:00дөн кийин ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн көзөмөлүсүз жүргөн 54 жашы жете элек бала аныкталды. Алардын ичинен 18и жарамазан айтып жүргөн болсо, 36сы көчөдө чоңдордун коштоосуз жүргөн.
Жыйынтыгында 6 жашы жете элек өспүрүм тиешелүү иштерди жүргүзүү жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүп берүү үчүн райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Дагы 4 өспүрүм өздүгүн тактоо жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө тапшыруу максатында Балдарды колдоо жана коргоо борборуна жеткирилди. Калган жашы жете электер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протоколдор түзүлгөндөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
Мыйзамдуу өкүлдөргө карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 30 протокол түзүлдү.
Ошондой эле рейд учурунда кафе жана ресторандардын администрациясы менен жашы жете электердин ата-энесинин коштоосуз жүрүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун жоопкерчиликтүү болууга жана жашы жете элек балдардын чоңдордун коштоосуз жүрүшүнө жол бербөөгө чакырат.