www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилде соңку бир күндө коронавирус дагы 500гө чукул адамдан аныкталды. Өлкө бийлиги оору жайылып жаткандыктан ресторандарды кайра жапты жана эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салды. Тель-Авив дем алыш күндөрү дүкөндөр, музейлер жана көңүл ачуучу жайлардын баары жабык болорун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Израиль коронавирус пандемиясынан улам март айында карантин киргизип, аны май айынан тарта жумшартып жаткан. Бир канча аптадан бери оору жуккан учурлар тынбай өсүп жатат.

Испаниянын Барселона шаарынын бийлиги да айрым карантин чараларын кайталап киргизди. Ага ылайык, кинотеатрлар, түнкү клубдардын баары жабылат, 10дон ашык болуп чогулганга болбойт. Ресторандар иштей берет, бирок ичинде отургандар жарым-жартылай гана толушу керек.

Европанын айрым бир өлкөлөрүндө оорунун жайылышы басаңдаганы менен дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде илдет эселеп көбөйүп жатат.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 менен ооругандар 14 миллион адамга чамалап калды, илдеттен 600 миңдей бейтап көз жумду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясын мындан төрт ай мурун жарыялаган.

АКШда соңку бир күндө өпкөнү сезгенткен илдет дагы 77 миңден ашык адамдан аныкталды жана бул кезектеги антирекорд болуп калды. Флорида, Түштүк Каролина жана Техас штаттарында оорунун тарашы басаңдай элек.

Айрым штаттарда моргдор толуп калгандыктан, бийлик муздаткычы бар машиналарды убактылуу пайдаланганы жатат. Кошмо Штаттарында оору жуккан учурлар май айынан бери үч эсеге көбөйдү. Бул өлкөдө ооруну жуктуруп алгандар 3,6 миллионго жетип калды жана илдеттен 138 миңден көп бейтап көз жумду.

АКШдан кийин эле тизменин экинчи сабында турган Бразилияда COVID-19ду жуктуруп алгандар эки миллион кишиден ашып, илдеттен көз жумган бейтаптар 77 миңге жетти.

Бразилияда май айынын аягынан бери күнүгө орто эсеп менен миңге чукул адам өмүрү менен кош айтышып жатат.

Коронавирус жугузуп алгандардын саны боюнча дүйнө жүзүндө үчүнчү орунда турган Индияда бул илдеттен 26 миңге чукул бейтап каза болду.

Түштүк Африка ооругандардын саны боюнча Мексика менен Чилиден озуп, дүйнөдө алтынчы орунга чыкты. 57 миллион калктуу бул өлкөдө жарандардын дээрлик 14 пайызы ВИЧ/СПИД инфекциясы менен жашайт. Мындан улам коронавирус кошул-ташыл болсо калктын аялуу катмарына кесепети дагы оор болот деген кооптонуу айтыла баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости