www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Катардын премьер-министри Мохаммед бен Абдулрахман Аль Тани ХАМАСтын согушкерлери 7-октябрда барымтага алган ондогон кишини бошотуу жараянында негизинен "логистикалык маселелер" гана калганын билдирди. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда Катардын ортомчулугу менен Израил, Кошмо Штаттар жана ХАМАС радикал тобу алдын ала макулдашууга жетишкен. Макулдашуунун шартына ылайык, Газа тилкесинде беш күндүк ок атууну токтотуу режими жарыяланып, барымтадагы 200дөн ашуун туткундун кеминде 50сү бошотулат. Алты бетке жазылган макулдашууга ылайык, барымтадагылар топ-тобу менен 24 саатта бирден бошотулат.
Катардын ортомчулары Израил менен ХАМАСтын ортосунда макулдашууга жетишкенин, ага ылайык 3 күндүк ок атпоо жарыялап, 50 кишини бошоторун сүйлөшүүнүн сырын билген аткаминерге шилтеме берип кабарлаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg