www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан менен чек ара такталып бүткөнү калды

Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын калган участоктордогу долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты. Бул иш Тажикстанда өтө турган кийинки отурумда улантылат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда  2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ошондо жалпы 972 чакырымдын 664ү боюнча бир пикир табылса, 300 чакырымдай тактала элек аймак калган десе болот. Ал эми 2023-жылдын соңку айлардагы үч жолку жолугушуудан кийин берилген маалыматтарга таянсак, жалпы 75 чакырымдай такталды. Башкача айтканда тараптардын 12-18-октябрдагы жолугушуусунда 13,98 чакырым, 3-8-октябрдагы кездешүүсүндө 43,33 чакырым, 1-8-ноябрда 17,98 чакырым боюнча макулдашылганы белгилүү болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости