www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында өлкөнүн тышкы соода уюмунун (JETRO) башкаруучусу Норихико Ишигуро менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда тараптар соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Жапаров Кыргызстанга салынып жаткан инвестициялардын корголушуна кепилдик берерин белгилеп, Япониянын компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды. Президент маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө, IT тармагын жакшыртууга Япониянын тажрыйбасын жана алдыңкы технологияларын тартууга кызыкдар экенин кошумчалады.
JETRO компаниясынын башкаруучусу Норихико Ишигуро япон компанияларынын өлкөгө болгон кызыгуусу өсүп жатканын, буга байланыштуу конкреттүү сунуштар керек экенин айтты. Ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg