www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил бийлиги менен ХАМАС уюмунун ортосунда бошотула турган барымтадагылардын жана түрмөдөгү палестиндердин тизмеси боюнча пикир келишпестик жаралды. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Катардык ортомчулар бул боюнча иштеп жатат. Азырынча талаш-тартыштын так себеби эмнеде экени белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, ХАМАС радикал уюму израил түрмөлөрүндөгү алты аялды бошотууну талап кылууда. Ал эми  бошотула тургандардын тизмесинде алардын аты-жөнү жок болуп чыккан.

Израил менен ХАМАС Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо режимин дагы эки күнгө узартууну макулдашкан. Бул тууралуу сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган Катардын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мажид аль-Ансари социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости