www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ар кандай 15 миңден ашуун кен табылганын, анын ичинен 500гө жакын кен геологиялык чалгындоо иштеринен өткөн. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, мамлекеттик баланста 1020 кендин запастары жана пайдалуу кендердин 51 түрүнүн аянттары – алтын, күмүш, жез, вольфрам, молибден, сейрек кездешүүчү металлдар, сурьма, калай, темир рудалары, коргошун жана башкалар бар.
Өлкөбүздө тоо-кен тармагы динамикалуу жана ырааттуу өнүгүп жатат. Ал жалпы ИДПнын 6% ашыгын жана экспорттук кирешенин 41% көбүн түзөт. Ушул жылдын 10 айында тармактын субъекттери тарабынан 492 млн долларлык пайдалуу кендер казылып алынды. Кыргызстандын тоо-кен тармагына инвестиция салган өлкөлөрдүн ичинен Улуу Британия, Түркия, Кытай, Орусия жана Казакстан алдыда турат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg