www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. "Назарньюс" маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, ал жетектеген ишкана борбордо тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү мөөнөтүн сактаган жок, жолдор жана тротуарлар боюнча материалдарды дайыма сапатсыз даярдаган деген негизде жумуштан алынды.
Мэрия август айында “Бишкекасфальтсервиске” жеке компаниялар менен чогуу шаардагы 21 көчөнүн тротуарларын оңдоо тапшырмасын берген. Бирок иштер убагында бүткөрүлбөй калган. Андан тышкары адамдар баскан жолдорду оңдоо үчүн ишканаларга өткөрүлгөн сынакта мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталганы айтылды.
Президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасына директор болуп дайындалганы быйыл март айында белгилүү болгон. Түмөнбаев 2021-жылы “Унаа” мамлекеттик мекемесин башкарып турганда транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн даярдоо боюнча тендерге байланыштуу текшерүүдөн кийин кызматтан кеткен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg