www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израил жана Ливан тараптары Вашингтондо төртүнчү сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Томми Пиготттун 2-июнда билдирди.
"Израил жана Ливан делегациялары АКШнын колдоосу астында Мамлекеттик департаментте түз сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы үчүн жолугушту. Саясий жана коопсуздук деңгээлдеринде прогресс уланууда", - деди ал X (мурдагы Twitter) баракчасындагы билдирүүсүндө.
Пиготт Кошмо Штаттар сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүү боюнча милдеттенмесин сактап калаарын белгиледи. Анын айтымында, кийинки айлампа 3-июнга белгиленген.
Белгилей кетсек, 2-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана "Хезболланын" өкүлдөрү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атышууну токтотууга макулдашканын жарыялаган. Америкалык лидер эки тараптын ортосундагы келишим "түбөлүккө" созулат деген үмүтүн билдирген.
Axios басылмасы кошумчалагандай, 1-июнда Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Трамп анын Жакынкы Чыгыштагы аракеттерин кескин сынга алып, Израилдин премьер-министрин "акылынан айнып калган" деп атаган. Президент жайкын тургундардын өлүмүнүн көптүгүнө жана бүтүндөй имараттардын кыйрашына тынчсызданып жатканы белгиленген.